Кадр кызматтарынын адистеринин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу боюнча окуулар өтүүдө
26-ноябрь 2026, 16:52
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ведомствонун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кадр кызматтарынын адистери үчүн «Кадр кызматтарынын адистеринин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу: ченемдик-укуктук камсыздоо, кадрдык жол-жоболор жана персоналды башкаруунун заманбап инструменттери» деген темада эки күндүк окуу өткөрүүдө.
Окуунун негизги максаты — кадр кызматтарынын адистеринин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, кадрдык иш кагаздарын жүргүзүүнү өркүндөтүү, ошондой эле кадрдык документтер менен иштөө жана заманбап санариптик инструменттерди колдонуу боюнча практикалык көндүмдөрдү өнүктүрүү.
Окуунун биринчи күнүндө катышуучулар кадр кызматтарынын ишин уюштуруунун негизги маселелерин, мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана кызматкерлерге карата кадрдык жол-жоболорду жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн, министрликтин Борбордук аппараты менен өз ара аракеттенүүнү, өздүк делолорду түзүү жана жүргүзүү, эмгек мамилелерин тариздөө, ошондой эле тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу маселелерин каралды.
Өзгчөчө көңүл автоматташтырылган «е-Kyzmat» маалыматтык системасы менен иштөөгө, электрондук кадрдык эсепти жүргүзүүгө, отчетторду даярдоого жана кадрдык маалыматтардын тактыгын камсыз кылууга бурулду.
Окуунун экинчи күнүндө кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик өнүгүүсүн камсыз кылуу, жеке маалыматтарды коргоо жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин үйрөнүү пландаштырылууда.
Мындан тышкары, катышуучулар конкурстук тандоону өткөрүүнүн, кадрлар резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн, ошондой эле кызматкерлерди мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга көрсөтүүнүн тартиби менен таанышат.