Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Жалал-Абад өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
Экотехкѳзѳмѳл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан, “Сузак районун Сузак айыл өкмөтүнүн борборунда жайгашкан “Мадумар-Ата” комплексинин аймагында, атмосфералык абага булгоочу газ түтүндөрдүн өлчөмү чектен ашыкча чыгып, ал жерге орнотулган абанын зыяндуулугун өлчөөчү (датчик) орнотмо жогорку көрсөткүчтү көрсөтүп иштеп жатат”-деген маалымат боюнча ыкчам иш чара жүргүзүлүп, жыйынтыгында, Сузак айыл өкмөтүнүн борборунда жайгашкан, Социалдык фондтун Сузак райондук башкармалыгынын жана Сузак райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын отказандарына кароо жүргүзүү мезгилинде, аталган  мекемелердин отказандарында чаӊ, газ кармоочу курулмалары жок экендиги аныкталып, жеринде акт түзүлүп, жетекчилигине эскертүү каттар берилди жана чаң газ кармоочу курулмалар орнотулуп,  отканалар оңдөп түзөлгөнгө чейин көмүр менен жылытуу жагы убактылуу токтотулуп, жылытуунун башка  булагына өтүү сунушталды.


Андан сырткары, аталган аймакта жайгашкан “Гузар” ашканасына, 1 нан жана 1 самса жабуучу жайларга эскертүү каттар берилип, ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду.