Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин БУУнун Туруктуу координатору менен жумушчу жолугушуусу
15-апрель 2026, 16:57
Чүй өрөөнү
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри А.Т. Токтобаевдин БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве айым менен жолугушуусу болуп өттү.
Министр БУУнун тутумуна жана БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Граве айымга курчап турган чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүүсү жаатында өлкөгө көрсөткөн колдоосу жана жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде, Антье Граве айым А.Т. Токтобаевди Министр болуп дайындалышы менен куттуктап, мындан аркы жемиштүү кызматташууга ишеним артарын белгиледи. Ошондой эле ал Кыргыз Республикасы климаттын өзгөрүүсү жана тоо күн тартибин илгерилетүү боюнча эл аралык процесстерге жигердүү катышып жатканын айтып өттү. Муну менен катар, БУУ тутуму Министрликтин маанилүү эл аралык иш-чараларга катышуусун ар дайым колдой тургандыгын жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүккө багытталганын баса белгиледи.
Жолугушуунун алкагында тараптар биргелешкен ишмердүүлүктүн жүрүшү жана жыйынтыктары тууралуу маалымат алмашышты. БУУнун Туруктуу координатору кезектеги беш жылдык программаны даярдоо иштери башталганын кабарлап, Министрликти бул процесске кошулууга жана бардык кызыктырган суроолор боюнча кайрылууга чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бардык актуалдуу багыттар, анын ичинде тоо күн тартибин илгерилетүү, жаратылышка негизделген чечимдер, атмосфералык абаны коргоо жана башка маселелер боюнча кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.