«Абанын сапатын жакшыртуу – бул узак мөөнөттүү жол» – министр М. Машиев

Чүй өрөөнү
«Абанын сапатын жакшыртуу – бул узак мөөнөттүү жол» – министр М. Машиев

Кыргызстандагы абанын тазалыгын жакшыртуу боюнча“ Кыргызстанда таза аба боюнча прогресс» аттуу көп тараптуу диалог жыйынтыкталды.

Аталган диалогдун төртүнчү сессиясында экологиялык абалды жакшыртуу боюнча демилгелер талкууланды. Илимпоздор жана эксперттер негизги баяндамачылар болушту.

Тянь-Шань аналитикалык борборунун директору, Канат Султаналиев «Бишкектеги кышкы ышдын негизги себептери жана булактары» тууралуу баяндама жасады.

«Кыргызстандагы абанын сапатын мониторингдөө: маалыматтан чечимдерге» темасы боюнча ОО «МувГрин» уюмунун долбоордук менеджери Мээрим Шамудинова өзүнүн ой-пикирлерин ортого салды.

Мындан тышкары, ОО «Ресурсный центр для пожилых» уюмунун координатору Светлана Баштовенко «Жаңы конуш тургундары үчүн жоопкерчиликтүү керектөө жана өндүрүш, жашылдандыруу, үй чарбаларынын энергия натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу экологияга болгон терс таасирин азайтуу» демилгеси жөнүндө айтып берди.

«Экологиялык көйгөйлөргө инклюзивдүү мамиле: ички мигранттардын таза жана ден соолукка пайдалуу шаарды түзүүгө катышуусу» темасында Бегим Жанузакова, Климаттык өзгөрүүлөр программасынын координатору баяндама жасады.

Жыйынтыктоочу сессияда «Бишкек шаарындагы абанын булганышы маселесин чечүүгө эл аралык колдоо» маселеси каралды. Бул бөлүктө төмөнкү адистер өз ойлору менен бөлүштү:

– Абдылдаева Гульнара, Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы абанын сапатын жакшыртуу боюнча долбоорунун директору;

– Катя Ловен, Финляндиянын метеорологиялык институтунун абанын сапаты жана энергетика бөлүмүнүн жетекчиси, ал абанын сапатын мониторингдөө жана башкаруу боюнча эл аралык мыкты тажрыйбалар тууралуу баяндама жасады.


Иш-чаранын жыйынтыгында министр М. Машиев БУУнун туруктуу координатору Антье Гравеге, анын кеңсесине жана Айлана-чөйрө боюнча программасына колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, мамлекеттик мекемелердин, жарандык коомдун, жеке сектордун жана өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн кызматташтыгы өтө маанилүү экенин белгиледи.

Министр инклюзивдүү талкуулардын маанисин баса белгилеп, бул жолугушууда ар түрдүү кызыкдар тараптардын, анын ичинде депутаттардын, тиешелүү министрликтердин, Бишкек мэриясынын, БУУ тутумунун өнөктөштөрүнүн, эл аралык каржы институттарынын, жеке сектордун жана жарандык коомдун үнү угулганын айтты.

Ал өткөн эки жыл ичинде абанын тазалыгын камсыз кылуу боюнча жакшы жылыштар болгонун жана мындай диалогдорду жыл сайын өткөрүү пайдалуу болорун белгиледи.

Жыйынтыктоочу сөзүндө министр Машиев баса белгилегендей: «Абанын сапатын жакшыртуу – бул узак мөөнөттүү жол, биз эл аралык баяндамачылардан да ушуну уктук. Бирок биз жакшы иш баштап, Кыргызстанда абанын сапатын акырындык менен жакшыртууда ийгиликке жете алабыз» деди министр.