Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу иштери

Чүй өрөөнү
Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу иштери

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери үчүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү борбору жана туризм факультети тарабынан 2024-жылдын 26-28-март күндөрү “Экотуризм жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары” аттуу кыска мөөнөттүү курс болуп өттү. Аталган курс менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ортосундагы келишимдин негизинде,  3 багыт боюнча өткөрүлдү.

Тактап айтканда:

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында экотуризмди башкаруунун өзгөчөлүктөрү;

Туризм маркетинги;

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын экологиялык көйгөйлөрү, аларды баалоонун заманбап ыкмалары.

Окууга Кыргыз Республикасындагы 10 мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана 13 мамлекеттик жаратылыш парктарынын, “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын дирекциясынын, ошондой эле Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлери катышып, жыйынтыгында катышуучуларга университет тарабынан сертификаттар тапшырылды.