Буга чейин социалдык тармактарында Ысык-Ата районунун Нурманбетов айыл аймагынын 261-контур аймагына мыйзамсыз төгүлгөн таштандылар боюнча маалымат жарыяланган
08-июль 2026, 11:49
Чүй өрөөнү
Буга чейин социалдык тармактарында Ысык-Ата районунун Нурманбетов айыл аймагынын 261-контур аймагына мыйзамсыз төгүлгөн таштандылар боюнча маалымат жарыяланган.
Ошонун негизинде Жаратылыш ресурстарына караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жеринде көзөмөл жүргүзүлдү.
Аныкталган мыйзам бузуу фактысы боюнча Нурманбет айыл өкмөтүнө Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык протокол түзүлүп, 17 000 (он жети миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Учурда Нурманбет-Биримдик муниципалдык ишканасы тарабынан аймакты таштандылардан тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.