Тегерек стол форматында кеңейтилген антикоррупциялык жыйын

Чүй өрөөнү
Тегерек стол форматында кеңейтилген антикоррупциялык жыйын
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде кеңейтилген антикоррупциялык жыйын өттү.

2025-жылдын 1-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы №137 Указынын аткарылышынын жолдору жөнүндө. “Кыргыз Республикасында 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиясы” темасында кеңейтилген тегерек стол болуп өттү.

Иш-чарага министрликтин түзүмдүк, аймактык жана карамагындагы бөлүмдөрүнүн жетекчилери онлайн жана оффлайн форматында, ошондой эле УКМКнын өкүлдөрү катышышты.

Министр М.А. Машиев өз сөзүндө учурда министрликте коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча иш жүргүзүлүп жатканын белгиледи. 

«Кыргыз Республикасында 2025–2027-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин иш-чаралар планы» (2024-жылдын 14-августу, №241-п);
«2025-жылга карата системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин УКМК менен биргелешкен иш-чаралар планы» (2025-жылдын 15-августу, №01-01/258).
Министр учурдагы мыйзам талаптарына, коррупциянын алдын алуу чараларына кеңири токтолуп, кызматкерлерди коррупцияны четке каккан жарандык активдүү позицияны карманууга чакырды.

Иш-чарада УКМК өкүлдөрү коррупциянын кесепеттери жана мамлекеттик органдардын ишине тийгизген терс таасири жөнүндө маалымат беришти. Ошондой эле жаңы киргизилген мыйзамдар боюнча жакын туугандарды да жоопко тартуу маселелерине токтолушту.

Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Б.Д. Какешов мамлекеттик саясат жакшы натыйжаларды берип жатканын белгилеп, министрликтин кызматкерлерин мыйзамды так сактап иштөөгө чакырды. Ошондой эле мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу зарылдыгын белгиледи.
Талкуунун жүрүшүндө УКМК жана Башкы прокуратура тарабынан иш-чаралардын өз учурунда жана сапаттуу ишке ашырылышын камсыз кылуу боюнча сунуштар жана эскертүүлөр берилди.


Бул тегерек столдун негизги максаты – бекитилген пландардын алкагында коррупцияга каршы иштерди жандандыруу, кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик органдын ишинде ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти чыңдоо болуп эсептелет.
Министрлик антикоррупциялык профилактикалык чараларды ишке ашырууну жана маалыматтык- иш-чараларды өткөрүүнү улантат.