Атмосфераны булгоочу заттардын ченемдери боюнча укуктук акт долбоору иштелип чыгууда
14-май 2025, 14:40

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 18-апрелиндеги №27-8344 тапшырмасынын негизинде "Атмосферага булгоочу заттардын чектик жол берилген нормаларын регламенттеген ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү" максатында тиешелүү иштер улантылууда.
Бул багытта Министрликтин буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун үчүнчү жыйыны болуп өттү. Иш-чарага долбоорлоо уюмдарынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын адистери жана министрликтин кызматкерлери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө мурда иштелип чыккан методикалык сунуштарга кошумча өзгөртүүлөр жана тактоолор киргизилди. Катышуучулар документти Кыргызстандарттын өкүлдөрүнүн катышуусунда кайрадан карап чыгып, акыркы жыйынтыкка келүүнү сунушташты. Бул чечимдин негизинде ченемдик укуктук акт долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизилет.
Жумушчу топтун ишмердүүлүгү — өлкөдө экологиялык стандарттарды жакшыртууга, айлана-чөйрөнүн абалын көзөмөлдөө механизмдерин күчөтүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.