Ысык-Көлдүн акваториясында ышкыбоз балыкчылар арасында түшүндүрүү иштери
17-август 2023, 13:38
Ысык-Көл өрөөнү
Ысык-Көлдүн акваториясында ышкыбоз балыкчылар арасында түшүндүрүү иштери
Президент Садыр Жапаровтун 2023-жылдын 11-июлундагы “Ысык-Көл менен Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери, 2023-жылдын 17-август күнү Ысык-Көл акваториясына тактап айтканда Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын жана Корумду, Бостери айылынын жээктерине рейд жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын көлдөрүндө коммерциялык, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн эрежелерин сактоо жөнүндө ышкыбоз балыкчылар менен да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жана коопсуздук чаралары жана көлдөгү жүрүм-турум тууралуу маалымат берилүүдө.