Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Жалал-Абад өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы, 2024-жылдын 7-8 июнь күндөрү Токтогул районундагы Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык улоо фактыларын болтурбоо максатында ыкчам рейддик иш чаралар өткөрүлдү. Жыйынтыгында болжол менен 2500 метрден ашык синтетикалык кытай торлору жана пластик бутылкалары чогултулуп белгиленген тартипте жок кылынды. Ошондой эле көл жээгинде кайырмак салган эки жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ооз эки эскертүү берилген.