Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Ош шаарындагы Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан арматура чыгаруучу заводдон атмосфералык абага чыккан зыяндуу заттар жөнүндө,  Ош шаарынын мэриясынын фейсбук баракчасындагы жарыяланган маалымат боюнча, Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан ордунда карап чыгып, байкоо иштери жүргүзүлдү.

 Маалыматка ылайык түтөп жатат деген чарба субьекти, “Фумал ЛТД” ЖЧКсынан болгондугу белгилүү болду. 

Тактап айтсак, “Фумал ЛТД” ЖЧКсынын арматура чыгаруучу заводу, Ош шаарынын өнөр жай аймагында жайгашып, көп жылдан бери өз ишкердүүлүгүн жүргүзүп келет. 

Карап, байкоо жүргүзгөн мезгилде “Фумал ЛТД” ЖЧКсынын ишмердүүлүгү  бүгүнкү күндө убактылуу токтоп тургандыгы аныкталды. Ошондой эле, аталган арматура чыгаруучу заводдун атмосфералык абага чыгарган зыяндуу заттардын мыйзамдуулугун тешерүү үчүн, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Экономика минстрлигинин региондор аралык башкармалыгынан пландан тышкаркы текшерүүгө жолдомо алынып, мыйзам чегинде, толук кандуу текшерилет.