Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Баткен өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Баткен регионалдык башкармалыгынын аңчы адистери жана инспекторлору, Баткен шаарындагы Төрт-Гүл суу сактагычында, Кожешкен, Ак-Суу дарыясынын жээгинде жана Лейлек районуна караштуу Козу-Баглаң дарыясынын жээктеринде мыйзамсыз балык уулоо фактыларын болтурбоо максатында ыкчам рейдттик иш - чаралар жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында Экологиялык жана техникалык көзөмөл  кызматынын инспекторлору тарабынан  4 жарандын  мыйзам бузгандыгы аныкталып, “Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү” кодексинин 266-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 1000 сомдон айып пул салынып, 1010сом доо коюлду мындан сырткары Төрт-Гүл суу сактагычынан 1500 метрден ашык синтетикалык кытай торлору жана пластик бутылкалары чогултулуп белгиленген тартипте жок кылынды. Ошондой эле көл жээгинде кайырмак салган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүдү.