Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Жалал-Абад өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан, абанын экологиялык абалын жакшыртуу жана ыш менен күрөшүүнү күчөтүү максатында, 2024-жылга карата макулдашылып түзүлгөн пландын негизинде, өткөн жума ичинде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бѳлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте 2 ирет ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, тѳмѳндѳгүлөр аныкталды.   

Жалал-Абад шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бѳлүмүнүн кызматкерлери  менен биргеликте,  Жалал-Абад шаарынын Тайгараев айылынын  жолунда,  “дымомер” аппаратынын жардамы менен, 11 оор жүк ташуучу автоуналардан атмосфералык абага чыгарылган түтүндөрдүн зыяндуулугу текшерилип, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү.

Ноокен райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бѳлүмүнүн кызматкерлери  менен, Ноокен районунун Д.Садырбаев айыл аймагында Ош-Бишкек жолунда,  “дымомер” аппаратынын жардамы менен, 10 оор жүк ташуучу автоуналардан атмосфералык абага чыгарылган түтүндөрдүн зыяндуулугу текшерилип, айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүлдү. Анын ичинен түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү прибор нормадан ашыкча көрсөткөн 4 автоунаа аныкталып, автоунаанын ээлерине КРнын Укук бузуу жөнүндөгү кодексинин 234 бер негизинде ар бирине укук бузуу протоколдору түзүлүп,  7500 сомдон айып салынды. Жалпы салынган айыптын суммасы 30000 сомду түздү.