Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
08-август 2023, 13:58
2023-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору менен Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жол көзөмөлдөө кызматы "атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" биргелешкен иш-чаралардын бекитилген планынын алкагындакезектеги рейд жүргүзүлдү.Рейддин жүрүшүндө 10 микроавтобус текшерилди, түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү прибор нормадан ашыкча көрсөткөн жок. Айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан ары транспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн абага зыяндуу заттарын аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар улантылат.
Жаратылыш ресурстары министрлиги Бишкек шаарынын айдоочуларын жана конокторун абанын абалын жакшыртуу үчүн автотранспорт каражаттарынан зыяндуу заттардын ашып кетишин жоюу боюнча өз убагында чараларды көрүүгө чакырат.