Регионалдык башкрмалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгы Ош шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын аймагындагы, калктуу пункуттардагы жеке жарандарга жана өнөр жай ишканалардагы кызматкерлерге турак жайлардын тургундарына (бардык от казан менен иштеген) өндүрүш имараттарын жылытууда резина, пластик, синтетикалык калдыктарды (тигүү цехтеринин кездеме калдыктары) күйгүзүп жагууга жол бербөө максатында калкка түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

       Кыргыз Республикасынын Атмосфералык абаны коргоо жаатындагы жарандардын укуктары жана милдеттери түшүндүрүлүп, атмосфералык абага сарамжалдуу мамиле жасоо калктын саламаттыгына, айлана-чɵйрɵнүн сакталышына таасири чоң экендиги баса белгиленди. 

      Ошондой эле, Араван району боюнча  Сырт участкасындагы мыйзамсыз катуу-тирчилик чыгындыларын жайгаштыруучу жайын тазалап, баштапкы калыбына келтирүү үчүн тазалык ишканасына предписание берилген,ал предписаниени ɵз убагында аткарбагандыгы боюнча  иш кагаздары райондук прокуратурага мыйзам чегинде чара кɵрүү үчүн ɵткɵрүлгɵн.Бүгүнкү күндɵ прокуратура тарабынан айыл ɵкмɵттүн кызмат адамдарына тартиптик чара кɵрүлдү жана мыйзамсыз полигонго тɵгүлгоɵн чыгындылардан тазаланды.

       Экологияга келтирилген зыян; “Сулайман-Тоо” УТАМКсынын Г. Айтиев көчөсү тарабындагы тоого чыгуучу негизги жолдун күн батыш тарабындагы болжолдуу 3,0 га аянттагы, 94 топ бадам, 13 түп бак дарактар толугу менен күйгөн. Ал эми 170 топ бадалдар, 16 түп бак дарактар жарым жартылай күйгөн. Натыйжада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылын 3-майындагы №224-токтомунун негизинде 386353,50 сом эсептелип, келтирилген зыяндын доосун мамлекеттин эсебине өндүрүп берүү берүү үчүн, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 2023-жылдын 21-июлунда № 01-5/3252 сандуу каты менен өткөрүлүп берилди.

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын 2023-жылдын 1-августунда Ысык-Көл районунун Абдрахманов айыл аймагынын Жаркынбаев айылынын түндүк батыш тарабындагы мамлекеттик маанидеги автомобиль жолунун жээгиндеги райондук Жол тейлөө кызматынын (ДЭП-7) айланасындагы толуп кеткен таштандыларды тазаланды жана  Ысык-Көл районунун Кумбел айыл аймагына караштуу Булан-Сөгөттү айылынын көп кабаттуу үйлөрүнүн саркынды суулар кетүүчү трубалары оңдоп-түзөөдөн өтпөгөндүктөн канализациясы иштебей, көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүнө саркынды суулар толуп  жаткандыгы боюнча кондоминиум жетекчиси тарабынан башкармалыктын жетекчилигине  кайрылуу болгон. Кайрылуунун негизинде Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 1-августунда жеринде барып жашоочулардын көйгөйлүү маселесин чечип беришти. Көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүнө толуп кеткен (тереңдиги 40 см) саркынды сууларды тазалоо үчүн Бостери айылынын  АС машинасын чакыртып, саркынды суулар сордурулуп тазаланганды.