Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
25-октябрь 2023, 11:58
Чүй өрөөнү

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгынын инспекторлору Биринчи Май районунун Чуйков 117 дарегинде «Стерлинг Групп» ЖЧКсы тарабынан, төрт даракты мыйзамсыз кыюу фактысы аныкталды.
«Стерлинг Групп» ЖЧКсына бак-дарактарды уруксатсыз кыюу фактысы боюнча акт түзүлүп, ѳсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыяндын суммасы 33 955,42 сомду түздү. Учурда инспекторлор акт түзүп, укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүштү.