Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
26-октябрь 2023, 17:53
Экотехкызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан, Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл аймагынын Кара-Таш участкасында ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, Базар-Коргон районунун Талдуу-Булак айыл аймагына караштуу Кара-Таш коктусунда өсүп турган, 105 түп “долоно” дарактары, өсүүсү токтогон деңгээлге чейин массалык түрдө мыйзамсыз кыркылып кеткендиги аныкталды. Мыйзамга ылайык тактоо иштери жүргүзүлүп, эсептөө тактасынын негизинде, өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыян 76290 сом эсептелди. Аныкталган факты боюнча, мыйзам бузгандарды аныктап, аларга тийиштүү чара көрүү үчүн, жыйналган материалдар укук коргоо органына ѳткѳрүлүп берилди.
Пландуу текшерүү учурунда, Базар-Коргон районундагы Ачы токой чарбасына караштуу, Көк-Тонду токой бөлүмүнүн Кал-Чоку участкасында өсүп көктөп турган, 37 түп долоно дарактары мыйзамсыз кыйылып кеткендиги аныкталып, акт түзүлүп, кыйылган дарактарга токой чарба тарабынан эч кандай белги (клейма) коюлбагандыгы такталды. Жыйынтыгында өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген 25938 сом зыян эсептелди. Тактоо иштери жүргүзүлүүдѳ.
Ыкчам иш-чара жүргүзүү убагында, Сузак районунун Ленин айыл өкмөтүнүн Орто-Сай айылынын Бегимкулов көчөсүнүн жээгиндеги жашыл тилкеге эгилген диаметри 47 см 1 түп жаңгак жана диаметри 34 см 1 түп өрүк дарактары кыйылгандыгы аныкталды, Жыйынтыгында өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген 9791 сом зыян эсептелди. Тактоо иштери жүргүзүлүүдѳ, жалпы ѳсүмдүктѳр дүйнѳсүнѳ 112019 сомдук зыян келтирилген.