Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы Аламүдүн РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте Беш-Күңгөй айылынын үстүндөгү жайыттарда рейд өткөрдү
31-июль 2026, 09:41
Чүй өрөөнү
Жаратылыш министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгы Аламүдүн РИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте Беш-Күңгөй айылынын үстүндөгү жайыттарда рейд өткөрдү.
Иш-чара жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде уюштурулуп, жайыттарда «эндуро» үлгүсүндөгү мотоциклдерди айдоо менен жер кыртышын бузууга байланышкан мыйзам бузуулар аныкталды.
Рейддин жыйынтыгында эки жаранга административдик протокол түзүлүп, ар бирине 5 500 сомдон айып пул салынды. Жалпы айып пулдун суммасы 11 000 сомду түздү.
Жаратылыш ресурстары министрлиги жарандарды жаратылышка аяр мамиле кылууга, жайыттарды сактоого жана мыйзам талаптарын сактоого чакырат. Мындай рейддик иш-чаралар туруктуу негизде улантылат.