Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын Октябрь районунда атмосфералык абаны коргоо жана абанын булганышын алдын алуу боюнча көзөмөлдөө иш-чарасы өткөрүлдү.
05-август 2026, 09:56
Чүй өрөөнү

Анын жүрүшүндө автоунаалар текшерилип, экологиялык талаптарды бузуу фактысы аныкталды. Укук бузган жаранга карата мыйзамда белгиленген тартипте 7 500 (жети миң беш жүз) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, экологиялык нормалардын сакталышын көзөмөлдөө максатында Аламүдүн капчыгайында мониторинг жүргүзүлдү. Текшерүүнүн жүрүшүндө калдыктарды белгиленбеген жерге таштоо фактысы аныкталып, жалпы 16 500 (он алты миң беш жүз) сом өлчөмүндө айып пул салынды.