Аймактык жана ведомстволук бөлүмдөргө кызматтык автоунаалар тапшырылды

Чүй өрөөнү
Аймактык жана ведомстволук бөлүмдөргө кызматтык автоунаалар тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана ишинин сапатын жогорулатуу максатында, министр М. Машиев расмий түрдө 9 кызматтык автоунааны тапшырды.
Кызматтык максатта пайдалануу үчүн төмөнкү автоунаалар өткөрүлүп берилди:
    •    4 даана «Пикап JAC T8»,
    •    5 даана «CHEVROLET LABO 7T12» үлгүсүндөгү автоунаалар.

Унааларды тапшыруу учурунда министр М. Машиев бул материалдык-техникалык жардам аймактык жана караштуу түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө олуттуу түрдө салым кошоорун баса белгиледи.