“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасынын эки автоунаасынан нормадан ашык түтүн чыккандыгы аныкталды
25-сентябрь 2026, 13:37
“Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасынын эки автоунаасынан нормадан ашык түтүн чыккандыгы аныкталды.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарындагы “Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасында пландуу текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын автотранспорт каражаттарынын техникалык абалы жана атмосфералык абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын көлөмү көзөмөлдөндү. Натыйжада эки автоунаадан белгиленген ченемдерден ашык түтүн чыккандыгы аныкталды.
Аталган мыйзам бузуулар боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык тиешелүү чаралар көрүлүп, күнөөлүү жактарга жалпы 56 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.