Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында эндик чөбүнүн тамырын мыйзамсыз чогултуп, сактаган жаран аныкталды

Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарынын аймагында эндик чөбүнүн тамырын мыйзамсыз чогултуп, сактаган жаран аныкталды.

Аталган факты боюнча тиешелүү чараларды көрүү максатында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тобу чакырылып, аныкталган жаран жана тиешелүү материалдар мыйзамда белгиленген тартипте кароо үчүн өткөрүлүп берилди.

Мыйзам талаптарына ылайык мыйзамсыз жыйналган өсүмдүк материалдары толугу менен конфискацияланат жана жаранга Укук бузуулар кодексине ылайык ири өлчөмдө айып пул салынышы мүмкүн. 

Белгилей кетсек, эндик өсүмдүгү өлкөнүн сейрек кездешүүчү жана баалуу жаратылыш ресурстарынын бири болуп саналат. Аны жыйноого Кыргыз Республикасында мораторий киргизилген жана мыйзамсыз казып алуу же жыйноо мыйзам жоопкерчилигине алып келет.

Эндиктин дарылык касиети бар. Анын тамыры элдик жана салттуу медицинада колдонулат. Эндик тоо экосистемасынын тең салмактуулугун сактоого салым кошуп, топурактын эрозиясынын алдын алууга жардам берет.