Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы жарандардын кайрылуусунун негизинде Бишкек шаарындагы «Сария» кафесинде текшерүү жүргүздү.

Чүй өрөөнү

Текшерүүнүн жүрүшүндө мекеме тарабынан экологиялык мыйзамдардын талаптары сакталбагандыгы аныкталды.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин тиешелүү беренесине ылайык, тактап айтканда, заттарды бөлүп чыгаруунун белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн 28 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Мындан тышкары, аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү жана мындан ары экологиялык талаптарды так сактоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү милдеттендирилди.

Кафенин жетекчилигине мыйзам бузууларды жоюу боюнча расмий жазма буйрук берилди.