Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын Орок айылында рейддик иш-чара өткөрдү
08-сентябрь 2026, 14:32
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын Орок айылында рейддик иш-чара өткөрдү.
Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө автотранспорт каражаттарынан атмосфералык абага зыяндуу заттардын белгиленген ченемдерден ашыкча чыгарылышына байланыштуу мыйзам бузуулар аныкталды.
Жыйынтыгында 3 протокол түзүлүп, жалпы 22 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан атмосфералык абанын булганышын алдын алуу жана автотранспорт каражаттарынан чыккан зыяндуу заттардын чыгарылышын көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар улантылат.