Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан "Ала-Арча" мамлекеттик жаратылыш паркынын Кайың токойунун аймагында парктын токойчулары менен биргеликте токойлорду өрттөн коргоо жана өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.
05-октябрь 2026, 10:49
Чүй өрөөнү
Рейддин жүрүшүндө токой аймагында от жагууга тыюу салынганына карабастан, от жаккан жарандар аныкталды.
Аталган жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык 2 протокол түзүлүп, эки жаранга 7 500 сомдон, жалпы 15 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, жарандарга токой аймагында өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо, белгиленбеген жерлерде от жакпоого жана жаратылыш аймактарына аяр мамиле кылууга байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.