Жаратылыш ресурстары министрлигинин аймактык башкармалыктарына 15 кызматтык унаа тапшырылды

Ысык-Көл өрөөнү
Жаратылыш ресурстары министрлигинин аймактык башкармалыктарына 15 кызматтык унаа тапшырылды

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнө кызматтык автотранспортторду тапшыруу салтанаты өттү. Жаңы унаалардын ачкычтарын Министр Акыл Токтобаев тапшырды.

Ведомствонун техникалык базасын модернизациялоонун алкагында Регионалдык башкармалыктарга 15 JAC үлгүсүндөгү кызматтык унаа өткөрүлүп берилди. Ошондой эле «Сарычат-Ээрташ» мамлекеттик жаратылыш коругуна материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн атайын сертификат берилди.

Жаңы техникалар инспекторлордун ыкчамдыгын жогорулатууга, экологиялык мыйзам бузууларды өз убагында аныктоого ишенимдүү өбөлгө түзүп, республиканын бардык аймактарында көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.

«Сапаттуу техникалык камсыздоо — бул натыйжалуу иштин негизи. Жаңы унаалар инспекторлорго мыйзам бузууларга ыкчам чара көрүүгө жана көлдүн жээги менен тоолуу аймактарды туруктуу көзөмөлдө кармап турууга шарт түзөт».