Ысык-Көлдө рейд: 200 метр тор жана 60 кг таштанды чыгарылды
03-апрель 2026, 17:08
Чүй өрөөнү
2026-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы рейд жүргүздү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин №131 Жарлыгынын аткарылышын камсыз кылуу алкагында өткөрүлүп, анын жүрүшүндө Ысык-Көлдүн акваториясынан 200 метр балык уулоочу тор жана 60 кг таштанды чыгарылды.
Рейддик иш-чаралар мындан ары да күчөтүлгөн тартипте улантылат.