Браконьерликке каршы рейд уланууда
02-февраль 2026, 09:33
Чүй өрөөнү
2026-жылдын 1-февралында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан браконьерликке каршы рейд өткөрүлдү.
Рейд учурунда Ысык-Көлдүн акваториясынан 500 метр эски кытайлык синтетикалык балык уулоочу тор алынды. Белгилей кетсек, 2026-жылдын башынан бери жалпы 3100 метр мыйзамсыз тор чыгарылган.
Учурда тиешелүү иштер уланууда.
Ысык-Көлдү бирге сактайлы!