Чүйдөгү рейд
02-декабрь 2025, 14:37
2025-жылдын 1-декабрында Чүй облусунун Москва районунун Петровка айылында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери жана Калинин межрайондук аңчы-мергенчилер коомунун өкүлдөрү менен биргеликте өткөргөн рейдтик иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамсыз мергенчилик фактысы аныкталды.
Иш-чара маалында жарандан ИЖ-18 Е үлгүсүндөгү, 20-калибрдеги сайсыз ок атуучу курал эч кандай уруксат берүүчү документтерсиз колдонулуп жатканы тастыкталды.
Факт боюнча Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 261-беренесине ылайык административдик протокол түзүлүп, жаранга 10 000 (он миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Уруксат кагаздары жок ок атуучу курал мыйзамга ылайык Москва райондук ички иштер органдарына өткөрүлүп берилип, тиешелүү тартипте каттоого алынды.
Москва РИИБ кызматкерлери куралдын мыйзамсыз сакталуусу жана колдонулушу боюнча кылмыш иши козголоорун билдиришти.