Чүй облусунда рейд: негизги максат — коопсуздукту камсыз кылуу жана тартипке келтирүү

Чүй өрөөнү
Чүй облусунда рейд: негизги максат — коопсуздукту камсыз кылуу жана тартипке келтирүү
Чүй облусунда экологиялык мыйзамдардын талаптарын сактоо боюнча ыкчам рейд жүргүзүлдү. Иш-чара Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы жана өнөр жай көзөмөл бөлүмү катышуусунда Сокулук районунан Кара-Балта шаарына чейинки аймакта өтүп, ага муниципалдык кызматтардын, ӨКМдин өрт көзөмөлүнүн жана ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.


Текшерүүнүн жүрүшүндө Сокулук районунда (Сокулук жана Романовка айылдары) автоцистерналарды мыйзамсыз орнотуу жана суюлтулган газды мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Унааларды жана тиричилик газ баллондорун коопсуздук талаптарын одоно бузуу учурлары катталып, тиешелүү чаралар көрүлдү. 


Мындан тышкары, Кара-Балта шаарында жүк ташуучу унаалардын абага бөлүп чыгарган зыяндуу заттары текшерилди. Айрым унааларда түтүндүн деңгээли 50% чектен ашып, 90%га чейин жеткени аныкталды. Бул фактылар боюнча 234-берене менен протоколдор түзүлүп, айып пул салынды.
Белгилей кетүүчү негизги жагдай — рейддин максаты объекттерди дароо жабуу эмес, биринчи кезекте коопсуздук талаптарынын сакталышын текшерүү болуп саналат.


Эгерде ишкердик субъекттери экологиялык, техникалык жана өрт коопсуздугу боюнча бардык талаптарды сактап жатса, аларга уруксат берүүчү документтерди ыкчам алууда көмөк көрсөтүлөт. Мындай ыкма ак ниет ишкерлерди колдоого жана ашыкча административдик тоскоолдуктарды азайтууга багытталган.


Ошол эле учурда жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жараткан объекттерге карата мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөт. Коопсуздук талаптары сакталбаган, санитардык жана өрт коопсуздук нормалары бузулган учурлар газдын агып чыгуу, жарылуу жана өрт чыгуу коркунучун жаратат.


Кызмат эскертет: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-июну №298 “Суюлтулган көмүр суутек газдарын пайдалануучу объекттер үчүн коопсуздук эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтомунун 184-пунктуна ылайык, мындай автоцистерналарды калктуу конуштардын аймагында жайгаштырууга тыюу салынат. Рейддик иш-чаралар алдын алуу мүнөзүнө ээ болуп, өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана калкты техногендик коркунучтардан коргоого багытталган.