Рейдтик иш-чаралар

Чүй өрөөнү
Рейдтик иш-чаралар
2025-жылдын 29-октябрында Жайыл районунун төмөнкү зонасында жүргүзүлгөн рейд маалында Калининское аңчылык коомунун егерлери эки белгисиз жаранды көрүшкөн. Алар рейддик топту байкап, качып кетишип, колдорундагы мылтыктарын арыктын түбүнө катып кеткен.
Текшерүү учурунда егерлер тарабынан эки даана ээси жок ок атуучу курал табылган. Болжолдонууда, куралдардын абалына караганда, аларды пайдаланууга уруксат документтери болгон эмес.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгынын адистери, табылган куралдарды тиешелүү териштирүү жана ээлерин аныктоо иштерин жүргүзүү үчүн, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп беришти. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.