РЕСПУБЛИКАЛЫК КОМАНДА-ШТАБДЫК МАШЫГУУ ТОКМОК ШААРЫНДА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
17-март 2025, 15:28

2024-жылдын 12-мартынан 14-мартына чейин Чүй облусунун Токмок шаарында Республикалык команда-штабдык машыгуу өткөрүлүп, ал Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан уюштурулду. Бул машыгууга Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Жарандык коргонуу боюнча жооптуу адистери, ошондой эле облустагы жарандык коргонуу түзүмдөрү жана куткаруучулар активдүү катышты.
Машыгуунун негизги максаты – жарандык коргонуу кызматтарынын жана башка тиешелүү түзүмдөрдүн мүмкүн болуучу табигый кырсыктарга даярдыгын текшерүү, күч жана каражаттарды дайымкы даярдыкта кармоо, ошондой эле кырдаалды туура талдап, өз учурунда туура чечим кабыл алуу болуп эсептелет.
Машыгуу алкагында өзгөчө көңүл сел, жер көчкү жана суу ташкындарына байланыштуу чараларга бурулуп, айрыкча Чүй облусунун 8 районунда сел суусу өтүүчү каналдарды жана сайларды тазалоо иштери жарандык коргонуу кызматтары тарабынан жүргүзүлдү. Бул жумуштар аймактагы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу максатында ишке ашырылды.
Жарандардын жана жаратылыштын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мындай машыгуулар өзгөчө мааниге ээ. Экологиялык туруктуулукту сактоо жана өзгөчө кырдаалдарда ыкчам жана так аракеттенүү – биздин негизги милдетибиз!