Баткен облусунда мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугун берүү боюнча Конкурстун жыйынтыктары

Чүй өрөөнү
Баткен облусунда мергенчилик чарба иштерин жүргүзүү укугун берүү боюнча Конкурстун жыйынтыктары

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын

8-августундагы № 480 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын белгилүү бир аңчылык жерлеринде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү боюнча конкурсту өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого (мындан ары – Жобо) ылайык, 

2025-жылдын 16-18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атайын конкурстук комиссиясы Баткен облусунун Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда жайгашкан аңчылык жерлерде мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугун юридикалык жактарга берүү боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгына, Жобонун 45-пунктуна таянып, төмөнкүлөрдү билдирет:

-        Лейлек району: № 1 жана № 2 лоттор – «Ош-Баткен мергенчилер жана балыкчылар коому» коомдук бирикмеси жеңүүчү деп табылды;

-        Баткен району: № 3 лот – «Ош-Баткен мергенчилер жана балыкчылар коому» коомдук бирикмеси жеңүүчү деп табылды;

-        Баткен району: № 4 лот – «Баткен облустук мергенчилер жана балыкчылар коому» коомдук бирикмеси жеңүүчү деп табылды;

-        Кадамжай району: № 5 лот – «Баткен облустук мергенчилер жана балыкчылар коому» коомдук бирикмеси жеңүүчү деп табылды;

-        Кадамжай району: № 6 лот – «Ош-Баткен мергенчилер жана балыкчылар коому» коомдук бирикмеси жеңүүчү деп табылды.