Кыргыз Республикасынын Геология кызматынын 2024-жылдын сентябрынан 2025-жылдын сентябрына чейинки мезгилдеги XXVII-сессиянын чечимдерин аткаруу жана КМШга мүчө мамлекеттердин 2023–2030-жылдарга карата кен байлыктарын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча Перспективдүү планын ишке ашыруу боюнча жүргүзгөн иштеринин жыйынтыгы
25-сентябрь 2025, 12:11

1. Металлогендик изилдөөлөр жана рудага байланышкан локалдык божомолдоо
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институту бул багыттагы иштерди аткаруу боюнча Россия Федерациясынын Борбордук кен издөө-илимий-изилдөө институту (ЦНИГРИ) жана Всероссиялык экология жана минералдык ресурстар институту (ВСЕГЕИ) менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууда.
Геология институтунун кызматкерлери Санкт-Петербург шаарындагы Карпинский атындагы геология институтунун адистери менен биргеликте Кыргызстандын төмөнкү кен чыккан жерлеринде талаа изилдөөлөрүн жүргүзүштү:
Мироновское
Кутессай-II
Долпран
Коматор
Жерүй
Чаарат
Талды-Булак
Андаш
Аткарылган иштердин негизги багыттары:
Рудалуу аймактарда таралган интрузивдүү тектерин жашын аныктоо;
Жаратылыш тектерине жана рудаларга минералогиялык-петрографиялык талдоо жүргүзүү;
Рудалуу метасоматиттерге формациялык анализ жүргүзүү;
Геология-генетикалык жана геодинамикалык моделдерди түзүү.
Мындан тышкары, Геология институту жана ЦНИГРИ биргелешип Кыргызстандын кен чыккан жерлеринен алынган үлгүлөрдүн минералогиялык жана петрографиялык изилдөөлөрүн да жүргүзүштү.