Жаратылыш ресурстары министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын жетекчилиги “Кытай-Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун Сары-Кыр тилкесиндеги курулуш иштеринде экологиялык талаптардын аткарылышы менен жеринен таанышты.

Жалал-Абад өрөөнү


Иш сапардын жүрүшүндө башкармалыктын жетекчилиги курулуш иштерин жүргүзүп жаткан мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушуп, айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык талаптарды так сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Анын алкагында калдыктарды туура башкаруу, жер жана суу ресурстарынын булганышына жол бербөө, ошондой эле жаратылышка зыян келтирүүнүн алдын алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, курулуш иштерин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын экологиялык мыйзамдарынын талаптарын толук сактоонун маанилүүлүгү белгиленип, жаратылышты коргоо боюнча бардык талаптарды так жана жоопкерчилик менен аткарууга чакырык жасалды.

Иш сапардын жыйынтыгында аталган тилкеде экологиялык талаптар аткарылып жатканы жана мыйзам бузуулар аныкталбаганы белгиленди.