Руслан Акулов Талас регионалдык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды
17-июнь 2025, 13:29
Чүй өрөөнү

2025-жылдын 13-июнунда Руслан Акулов Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин буйругуна ылайык , Талас регионалдык башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Жаңы жетекчини эмгек жамаатына министрдин биринчи орун басары Кубат Касейинов тааныштырды.
Акулов буга чейин мамлекеттик экологиялык экспертиза башкармалыгында бир катар жооптуу кызматтарды аркалап келген.