2025-жылдын 16-20-июнь күндөрү Борбордук Азия боюнча ЕБнин Химиялык, биологиялык, радиологиялык жана ядролук (ХБРЯ) коопсуздук боюнча алдыңкы тажрыйба борборунун Регионалдык катчылыгынын эксперти жана P101 долбоорунун адистеринин иш сапары болуп өттү

Чүй өрөөнү
2025-жылдын 16-20-июнь күндөрү Борбордук Азия боюнча ЕБнин Химиялык, биологиялык, радиологиялык жана ядролук (ХБРЯ) коопсуздук боюнча алдыңкы тажрыйба борборунун Регионалдык катчылыгынын эксперти жана P101 долбоорунун адистеринин иш сапары болуп өттү

2025-жылдын 16-20-июнь күндөрү Борбордук Азия боюнча ЕБнин Химиялык, биологиялык, радиологиялык жана ядролук (ХБРЯ) коопсуздук боюнча алдыңкы тажрыйба борборунун Регионалдык катчылыгынын эксперти жана P101 долбоорунун адистеринин иш сапары болуп өттү.


Бул долбоор Европа Биримдиги тарабынан Эл аралык илимий-техникалык борбор (ЭИТТ) менен кызматташтыктын алкагында ишке ашырылууда.


P101 долбоору Түштүк-Чыгыш жана Чыгыш Европа, Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыштагы өнөктөш мамлекеттерди ХБРЯ жаатында критикалык инфратүзүмдөрдү коргоо жана коопсуздукту чыңдоо боюнча колдоо көрсөтүүгө багытталган.


Иш сапардын жүрүшүндө эксперттер Кыргыз Республикасынын ХБРЯ-коопсуздугун башкарууга катышкан компетенттүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүштү. Жолугушууларда долбоордон күтүү жана улуттук артыкчылыктарды аныктоо, ошондой эле ХБРЯ-критикалык инфратүзүмдөрдү коргоо боюнча институционалдык, укуктук жана техникалык чөйрөнүн абалы каралды.


Сапардын алкагында төмөнкү мекемелерге иш сапарлар уюштурулду:

Коомдук саламаттыкты сактоо лабораториясы,

Экологиялык мониторинг лабораториясы,

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу лабораториялар,

Ошондой эле Кемин районунда жайгашкан калдыктарды сактоочу жайлар (хвостохранилищелер).