Ысык-Көл акваториясында 500 метрдей эски тор алынды
13-октябрь 2025, 17:00
Чүй өрөөнү
Ысык-Көл акваториясында 500 метрдей эски тор алынды
2025-жылдын 12-октябрында Жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Ысык-Көлдүн акваториясында Кыргыз Республикасынын Президентинин №131 Жарлыгын аткаруу максатында 500 метрге жакын мыйзамсыз коюлган синтетикалык эски тор алынды.
Бул иш-чара балык ресурстарын жана көлдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн коргоого багытталган.
Мындан тышкары, экологиялык коопсуздукту сактоо жана жаратылыш ресурстарын мыйзамсыз пайдаланууга бөгөт коюу максатында рейддик текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.