Улуу жеңиш күнүңүздѳр менен

Чүй өрөөнү
Улуу жеңиш күнүңүздѳр менен

Урматтуу мекендештер!


Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жалпы жамаатынын жана жеке ѳзүмдүн атымдан    9-Май   Улуу Жеңиш күнү менен куттуктайм!

Бул күн Ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган, согушта эрдик көрсөтүп, өз жанын Жеңиш үчүн курман кылган, бүгүнкү бейпил жашоону тартуулаган жоокерлердин элеси ар дайым  жүрөгүбүздө, ошондой эле  көп улуттуу элибиздин биримдиги жана ынтымагы менен жаркын жашоону тартуулаган Жеңиш күнү! Даңктуу тарыхыбыз менен элибиз дайыма сыймыктанып тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары белгилеп келишет.


Кымбаттуу мекендештер, майрамыңыздар менен! Жергебизде тынчтыктын ыры жаңырып, элибизде ынтымак ыроолоп, молчулук, токчулук , бардыгыңыздарга жаркын келечек, ачык асман, Кыргызстаныбызга бакубатчылык каалайм!



   Министр                                                                                          М.Тургунбаев.