Австриянын Каржы министрлиги менен тоо-кен сектору жана стратегиялык минералдар жаатындагы кызматташтык талкууланды
18-сентябрь 2025, 14:33
2025-жылдын 15-сентябрында Вена шаарында Австриянын Федералдык каржы министрлигинде Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Машиев менен Австриянын каржы министрлигинин тоо-кен өнөр жайы маселелери боюнча орун басары Андреас Райххардт менен жолугушуу болду.
Жолугушууга ошондой эле Австриянын Федералдык каржы министрлигинин минералдык ресурстар боюнча саясат бөлүмүнүн директору Р.Хольнштайнер, Австриянын Тоо-кен жана болот иштетүү өнөр жайы ассоциациясынын өкүлү М.Кудрна, Австриянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигинин (aed) өкүлү А.Ондракова, ошондой эле тоо-кен тармагында иш алып барган Австриянын ири инжиниринг жана консалтинг компаниялары – BPG, ILF, AFRY ж.б. өкүлдөрү катышты.
Министр М.Машиев Кыргызстан стратегиялык мааниге ээ болгон минералдарга жана кен байлыктарга бай экенин белгилеп, бул ресурстардын мааниси жогорку технологиялардын өнүгүшү менен бүгүнкү күндө айрыкча жогорулап жатканын баса белгиледи.
Ошондой эле, 2025-жылдын апрель айында Самарканда өткөн Европа Биримдиги – Борбор Азия саммитинде Еврокомиссия Борбор Азия өлкөлөрүндө стратегиялык минералдарды казып алуу жана иштетүү боюнча долбоорлорду каржылоо чечимин кабыл алганын эске салды.
Министр ыраазычылык менен, 2024-жылы Вена шаарында Австрия тарап менен кол коюлган инновациялык технологиялар, кен казып алуу жана минералдык ресурстар жаатындагы кызматташтык боюнча меморандум мындан аркы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө бекем негиз болуп бергенин белгиледи. Учурда аталган меморандумду ишке ашыруу боюнча жумушчу топ түзүлүп, тараптар активдүү иш алып барууда.
Өз кезегинде А.Райххардт Австриянын “жашыл экономикага” өтүүсүн эске алуу менен стратегиялык минералдар тармагындагы кызматташтык өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ болуп жатканын белгилеп, Кыргызстан менен болгон кызматташтыкты жана потенциалды жогору баалады.
Австриянын BPG, ILF, AFRY компанияларынын жетекчилери жана Австриянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү агенттигинин өкүлү өздөрүнүн ишмердүүлүгү жана долбоорлору тууралуу маалымат беришти. Тактап айтканда:
• BPG компаниясы Кыргызстандагы Кара-Балта тоо-кен комбинаты менен биргеликте уран калдыктарын сактоочу жайларды реабилитациялоо боюнча долбоорду ишке ашырып жатканын маалымдады.
• ILF компаниясы Борбор Азия өлкөлөрүндө тоо-кен тармагында аткарып жаткан долбоорлор тууралуу айтып, жакын арада Кыргызстандын рыногуна кирүүгө даяр экенин билдирди.
• AFRY компаниясы болсо КР Энергетика министрлигине “Камбар-Ата ГЭС-1” курулуш долбоору боюнча консалтинг кызматтарын көрсөтүп жатканын жана 2025-жылдын ичинде Бишкек шаарында өз өкүлчүлүгүн ачууну пландап жатканын маалымдады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2025-жылдын ноябрь айында Кыргызстанда сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашты.