Соң-Көлдөн эки жарым чакырым узундуктагы балык уулоочу торлор чыгарылды

Чүй өрөөнү
Соң-Көлдөн эки жарым чакырым узундуктагы балык уулоочу торлор чыгарылды

2026-жылдын 10-июнунда Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Соң-Көл көлүнүн акваториясынан мыйзамсыз коюлган синтетикалык балык уулоочу торлор алынып, тазалоо иштери жүргүзүлдү. Жалпысынан болжол менен 2500 метр мыйзамсыз эски торлор суудан чыгарылган.

Күн мурун Ысык-Көлдөн балык ресурстарына олуттуу зыян келтирген жалпы узундугу бир километрден ашуун синтетикалык мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынып, 25 килограмм тиричилик таштандысы чыгарылган. 

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүнүн экосистемасын сактоо, балык ресурстарынын популяциясын калыбына келтирүү максатында Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруунун алкагында уюштурулууда.