Саймалуу-Таш Мамлекеттик Жаратылыш Паркында суу жеткирүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү

Жалал-Абад өрөөнү
Саймалуу-Таш Мамлекеттик Жаратылыш Паркында суу жеткирүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү

Саймалуу-Таш Мамлекеттик Жаратылыш Паркында суу жеткирүү жана жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү


Жалал-Абад облусундагы Саймалуу-Таш Мамлекеттик Жаратылыш паркында Кытайдын China Road компаниясынын каржылык колдоосу менен Көк-Арт аймагына 4200 метр алыстыктан суу жеткирүү иштери жүргүзүлдү. Бул долбоордун жалпы наркы 108 480 сомду түзүп, анын 90 000 сому аталган компания тарабынан каржыланды.


Иштер кол менен казылып, парктын кызматкерлери, Кан-Ачуу мамлекеттик жаратылыш паркынын эки кызматкери жана жергиликтүү тургундар тартылып, аларга эмгек акысы парк тарабынан төлөндү.


Суу жеткирүү иштери приоритеттүү багыт катары каралып, бул аймакка 100 даана Тянь-Шань карагайы тигилет. Ошондой эле НАБУ коомдук бирикмеси тарабынан кошумча каржылык жардам көрсөтүлүп, аймакка 3 даана этно-навестер орнотулду.