Сарычат–Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругу 30 жылдык мааракесин белгиледи

Чүй өрөөнү
Сарычат–Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругу 30 жылдык мааракесин белгиледи

Сарычат–Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругу 30 жылдык мааракесин белгиледи

Барскон айылы, Жети-Өгүз району | 12-декабрь, 2025-жыл

2025-жылдын 12-декабрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскон айылында Сарычат–Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругунун түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Мааракелик иш-чарага коруктун ардагер кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн биринчи орун басары Д. Арпачиев, Жети-Өгүз районунун активи, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин борбордук аппаратынын өкүлдөрү, министрликке караштуу Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин кызматкерлери жана коруктун жалпы жамааты катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө коруктун директорунун орун басары И. Асакеев Сарычат–Ээрташ коругунун 30 жыл ичинде басып өткөн жолу, жетишкен ийгиликтери жана келечекке карата коюлган артыкчылыктуу багыттары тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардын, SLF, WWF жана «Илбирс» фонддорунун өкүлдөрү презентация жасап, корук менен болгон кызматташтыктын жыйынтыктары жана мындан аркы пландар тууралуу айтып беришти.

Мааракенин алкагында корук менен узак жылдар бою тыгыз кызматташып келген өнөктөштөр жана кызматкерлер 30 жылдыкка арналган төш белгилер менен сыйланышты.

Учурда Сарычат–Ээрташ мамлекеттик жаратылыш коругу деңиз деңгээлинен 3000–5000 метр бийиктикте жайгашып, жалпы аянты 149 117,9 гектарды түзөт. Анын ичинде 128 868 гектар — ядролук зона, 16 778,0 гектар — буфердик зона жана 3 471,0 гектар — кайтаруу зонасы болуп саналат.

Мааракелик иш-чаранын алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин атынан корукка JAK үлгүсүндөгү автоунаа белек катары тапшырылды.

Белгилей кетсек, коруктун аймагында сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн түрлөрү коргоого алынган. Алардын катарында сүт эмүүчүлөрдүн 18 түрү жана канаттуулардын 49 түрү бар. Айрыкча илбирс, аюу, аркар-кулжа, мадыл, бүркүт, ителги жана көк жору сыяктуу баалуу жаныбарлар жана куштар катталган.