БУУнун ДАП программасынын улуттук жетектөөчү комитетинин жетинчи отуруму Бишкекте өттү

Чүй өрөөнү
БУУнун ДАП программасынын улуттук жетектөөчү комитетинин жетинчи отуруму Бишкекте өттү
БУУнун ДАП программасынын улуттук жетектөөчү комитетинин жетинчи отуруму Бишкекте өттү


16-декабрь 2025-жылы Бишкек шаарында кызматташтык жана өнүктүрүү боюнча Швейцария агенттигинин жана Жашыл климаттык фонддун финансылык колдоосу менен Кыргыз Республикасында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАП) тарабынан ишке ашырылып жаткан программанын Улуттук жетектөөчү комитетинин (УКРК) жетинчи отуруму болуп өттү. 


Жыйын "Кыргыз Республикасында кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча улуттук потенциалды чыңдоо" программасынын жана "климаттык сервистер жана жашоо каражаттарын диверсификациялоо аркылуу азык-түлүк коопсуздугунун деңгээли төмөн аялуу жамааттардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү"долбоорунун ишке ашырылышынын жүрүшүн жана натыйжалуулугун баалоого арналган. Негизги көңүл климаттын өзгөрүшүнүн жана табигый кырсыктардын кесепеттерине айылдык жана аялуу жамааттардын адаптациялык потенциалын жана туруктуулугун жогорулатууга бурулду. 


Отурумдун жүрүшүндө төмөнкүлөр талкууланды: 
программалык иш-чараларды ишке ашыруунун учурдагы абалы, негизги жетишкендиктер, аныкталган көйгөйлөр жана алынган сабактар; 2026-жылга иштин жылдык планын бекитүү; мамлекеттик органдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана жарандык коомдун ортосунда маалымат алмашуу механизмдерин бекемдөө. 


Отурумдун ишине Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министринин орун басары Асель Раимкулова, Экологиялык жана климаттык саясат башкы башкармалыгынын башчысы Айзада Бариева, УКР жана АИК/УРБ долбоорлорунун техникалык жумушчу тобунун мүчөлөрү, мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Нарын облустарындагы жамааттардын лидерлери жана мүчөлөрү, ошондой эле эл аралык жана жарандык өнөктөштөр катышты.


Министрдин орун басары Асель Раимкулова өз сөзүндө азык-түлүк коопсуздугуна, жашоо каражаттарынын булактарына жана калктын социалдык туруктуулугуна түздөн-түз таасирин тийгизген климаттык коркунучтардын жана өзгөчө кырдаалдардын санынын өсүшүнүн фонунда климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу маселелеринин актуалдуулугун баса белгиледи. Ишке ашырылып жаткан демилгелердин Улуттук стратегиялык документтер менен макулдашылышынын маанилүүлүгүнө, анын ичинде улуттук деңгээлде аныкталган үчүнчү салымга (3.0), улуттук адаптациялык планга жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү артыкчылыктарына өзгөчө көңүл бурулду.


 Отурумдун катышуучулары кызматташтык жана өнүгүү боюнча Швейцариялык агенттикке жана Жашыл климаттык фондго Кыргыз Республикасынын Улуттук потенциалын бекемдөөгө жана климаттык жана табигый тобокелдиктерге туруктуулугун жогорулатууга ырааттуу колдоо көрсөткөндүгү жана кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти. Отурумдун жыйынтыгы боюнча Тараптар климаттын өзгөрүшү жана кырсыктардын тобокелдигин азайтуу чөйрөсүндө мындан аркы кызматташууга жана биргелешкен аракеттерди координациялоого даяр экендиктерин ырасташты.