Жегенге жарамдуу идиштер

Чүй өрөөнү
Жегенге жарамдуу идиштер

Жегенге жарамдуу идиштер Башкирстандын тургуну Вадим Фаттахов Россияда ундан жасалган бир жолку жегенге жарамдуу кашыктарды массалык түрдө өндүрө баштады. Анын ойлоп табуусу көптөгөн ресторандардын кызыгуусун жаратты жана Европалык комиссия айрым пластиктен жасалган бир жолку буюмдардын өндүрүшүн тыюуну сунуштагандан кийин, Европа рыногу да бул жаңылыкка кызыга баштады. Мындай кашыктар ун, жумуртка, сүт жана ар кандай татымалдардан жасалат. Мисалы, балмуздак, торт же йогурт үчүн — кашыкка кант кошулат, ал эми шорпо үчүн — сарымсак же туз. Өзгөчө рецепттин аркасында мындай кашык өз формасын узак убакытка чейин сактап, анын жардамы менен бир табак шорпону жеп бүтүүгө жетет. Негизги тамактан кийин аны жөн эле жеп салууга болот.