Бүгүн, 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери Батыш Салиева атындагы Төмөнкү-Серафимов карылар үйүнө барып, мекеменин жашоочуларын майрамы менен куттукташты.
01-октябрь 2026, 14:40
Иш-чаранын жүрүшүндө министрликтин кызматкерлери улуу муундун өкүлдөрүнө жылуу каалоо-тилектерин билдирип, аларга чың ден соолук, узун өмүр, бакубат жашоо жана көңүл тынчтыгын каалашты.
Мындан тышкары, карылар үйүнүн күнүмдүк керектөөлөрүнө колдоо көрсөтүү максатында мекемеге биринчи керектелүүчү буюмдар жана белектер тапшырылды.
Министрликтин өкүлдөрү улуу муунга кам көрүү, алардын турмуш шартын жакшыртууга салым кошуу жана коомдогу ынтымакты, боорукерликти жана өз ара урмат-сыйды бекемдөө маанилүү экенин белгилешти.
Эл аралык карылар күнү — улуу муундун өкүлдөрүнө болгон урмат-сыйды арттырып, алардын коомдогу ордун жана эмгегин баалоого чакырган өзгөчө күн.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги мындан ары да коомдук маанидеги демилгелерди колдоого жана социалдык жоопкерчиликтин принциптерин жайылтууга багытталган иштерди улантат.