Бүгүн Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев геология тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча жарандарды кабыл алды.
23-октябрь 2025, 16:29
Бүгүн Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев геология тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча жарандарды кабыл алды.
Кабыл алуу маалында жарандар министр менен биргеликте тармактын учурдагы абалын жана анын мындан аркы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Катышуучулар геологиялык чалгындоо иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу, мыйзамдык-ченемдик базаны өркүндөтүү жана жер казынасын пайдалануу тармагында заманбап технологияларды киргизүү боюнча бир катар сунуштарын билдиришти.
Жолугушуунун соңунда министр Медер Машиев жарандардын жигердүү жарандык позициясы жана конструктивдүү сунуштары үчүн ыраазычылык билдирип, мындай кабыл алуулар мамлекет менен кесиптик чөйрөнүн ортосундагы кызматташууну чыңдоого жана тармактын реалдуу муктаждыктарын эске алуу менен мамлекеттик саясатты калыптандырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Эске салсак, министр М. Машиев жарандарды ар бир бейшемби күнү саат 15:00дөн 16:00гө чейин кабыл алат.