«AzerGold» ЖАК өкүлдөрү Кыргыз геология кызматына иш сапары менен келишти
10-октябрь 2025, 17:29
Бүгүн, иш сапарынын алкагында, Азербайжан Республикасынын “AzerGold” жабык акционердик коомуна (ЖАК) караштуу делегация Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Геология кызматына келишти.
Сапардын максаты — байытуу комплекстеринин ишмердүүлүгү менен таанышуу, тажрыйба алмашуу жана кен казуу менен байытуу тармагындагы мыкты практикаларды талкуулоо болуп саналат.
“AzerGold” ЖАКнын курамындагы делегация төмөнкү өкүлдөрдөн турат:
• Ильгар Джалилов – Башкармалыктын мүчөсү, төраганын орун басары;
• Аминага Дадашов – Сатып алуулар жана жабдуу тармагы боюнча бөлүм башчысы;
• Зека Талыбов – Ремонт, курулуш жана техникалык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси;
• Шамиль Омаров – Тоо-кен өндүрүш аймактарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
• Эльданиз Байрамлы – Саламаттыкты сактоо, эмгекти коргоо жана айлана-чөйрө бөлүмүнүн жетекчиси;
• Алексей Харенко – Консультант;
• Тохирхон Поччаев – Консультант;
• Парвин Багиров – “Човдар” Интеграцияланган Регионалдык Байытуу Комплексинин өндүрүш менеджери;
• Намиль Мурадов – Саламаттыкты сактоо жана эмгекти коргоо секторунун башчысы;
• Бехруз Иманов – Алдыңкы электр инженер.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар келечектеги кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
“AzerGold” ЖАК жетекчилиги сапардын уюштурулушуна колдоо көрсөткөнү үчүн кыргыз тарапка ыраазычылык билдиришти.
Бул иш сапар Кыргызстан менен Азербайжандын тоо-кен тармагындагы компанияларынын ортосундагы кесиптик жана өнөктөштүк байланыштарды чыңдоого маанилүү кадам болуп калышы күтүлүүдө.