Бүгүн «Геология бүгүн» рубрикасынын алкагында жер казынасын пайдалануу тармагындагы лицензиялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беребиз.
04-март 2026, 15:58
Чүй өрөөнү
Бүгүн «Геология бүгүн» рубрикасынын алкагында жер казынасын пайдалануу тармагындагы лицензиялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беребиз.
Жыл башынан бүгүнкү күнгө чейин 20 компаниянын лицензия алуу боюнча арыздары каралып, канааттандырылды. Анын ичинде:
• көмүр боюнча — 12 лицензия;
• мунай жана газ боюнча — 3 лицензия;
• алтын боюнча — 3 лицензия;
• курулуш материалдары (неруддук материалдар) боюнча — 2 лицензия.
Кабыл алынган чечимдер тоо-кен тармагын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн минералдык-чийки зат базасын натыйжалуу өздөштүрүүгө багытталган.
Долбоорлорду ишке ашыруу жаңы жумуш орундарын түзүүгө, бюджетке түшүүчү салыктык кирешелерди көбөйтүүгө жана аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошумча оң таасир берүүгө шарт түзөт.
Бардык лицензиялар сунушталган материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча жана мыйзамдарда белгиленген тартипте, бардык талап кылынган жол-жоболор сактоо менен берилди.
Кыргыз геологиялык кызматы жер казынасын пайдалануу тармагындагы лицензиялоо процесстеринин ачык-айкындуулугун, жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылуу боюнча системалуу ишин улантат.