Кыргызстандын айыл чарбасы климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жолунда. Кыйынчылыктар жана чечимдер
10-октябрь 2024, 18:39
Айыл чарбасы Кыргыз Республикасынын экономикасында негизги орунду ээлеп, өлкөнүн ички дүң продукциясынын 14%ын түзөт. Калктын 65%дан ашыгы айыл жеринде жашайт, ал жерде жарандардын 24%ы айыл чарбасы менен алектенээрин Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин орун басары Ж.Сапарбаев өз сөзүндө белгиледи.
Бирок, глобалдык температуранын жогорулашы жана аба ырайынын тез-тез өзгөрүшү сыяктуу климаттык өзгөрүүлөрдүн күчөшү менен өлкөбүз олуттуу кыйынчылыктарга туш болууда. Кыргызстандын географиялык өзгөчөлүктөрү биздин тамак-аш системабыздын алсыздыгын күчөтөт
COP 29 кошумча иш-чарасына даярдыктын маанилүү багыттары:
1. Климаттын өзгөрүшүнүн суу ресурстарына тийгизген таасири
Суу айыл чарбасы үчүн негизги ресурс болуп саналат. Жаан-чачындын циклинин өзгөрүшү, ошондой эле кургакчылык жана суу ташкындарынын жыштыгынын көбөйүшү азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч туудурат. Дүйнөлүк банктын айтымында, Кыргызстан чукул чара көрбөсө, 2040-жылга чейин олуттуу суунун тартыштыгына кабылышы мүмкүн. Нидерландия жана Израиль сыяктуу өлкөлөрдө ийгиликтүү ишке ашырылган тамчылатып сугаруу сыяктуу сууну башкаруунун заманбап технологиялары зарыл.
2. Органикалык айыл чарба адаптациянын куралы катары
Органикалык айыл чарба тажрыйбаларына өтүү агроэкосистемалардын туруктуулугун жакшыртат жана көмүртектин эмиссиясын азайтат
Кыргызстан Органикалык айыл чарба боюнча Борбордук Азия альянсын түзүү менен бул багытта азыртадан эле кадам таштоодо. Кызматташтык эл аралык өз ара аракеттенүү жана алдыңкы тажрыйбаларды алмашуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
3. Малдын жогорку продуктылуу породаларын өстүрүү
Мал чарбасы тоютту жана сууну үнөмдүү пайдаланган жогорку продуктулуу породаларды өндүрүү аркылуу климаттын өзгөрүшүн жумшартуу үчүн олуттуу потенциалга ээ.
Кыргызстан туруктуу мал чарба продукциясын өндүрүү боюнча регионалдык лидер болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ жана биз кошумча иш-чарада стратегияларды сунуштоону пландап жатабыз.
Конференциянын жыйынтыгы айыл чарбасын жана суу ресурстарын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлаштыруу боюнча эффективдүү стратегияларды иштеп чыгууга жардам берет.
Туруктуу келечекке жетүү үчүн заманбап технологияларды киргизүү, органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү жана суу ресурстарын башкарууну оптималдаштыруу негизги көйгөйлөр бойдон калууда.